У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окуу жылы онлайн режиминде башталат, мугалимдер даярдыкты баштады


Пандемияга байланыштуу быйылкы окуу жылы онлайн режимде башталат. Ошол себептен 5-августтан 25-августка чейин Билим берүү жана илим министрлиги "Санарип мугалим" бир айлыгын өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки, мектеп алдындагы жана мектептик билим берүү программаларын ишке ашырууга даярдануу жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында "Санарип мугалим" бир айлыгы жарыяланууда", - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Бир айлыктын алкагында 2020-жылдын 5-августунан 25-августуна чейин төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
 
  • Педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн аралыктан окутуу ыкмаларын колдонуу;
  • онлайн сабактарды, видео сабактарды;
  • окутуу видео материалдарын даярдоо боюнча, мультимедиялык технологияларды колдонууга;
  • окуучулар жана ата-энелер менен кайтарым байланыш уюштурууга арналган вебинарларды өткөрө баштады;
  • Ар бир региондо бир айлыктын алкагында педагогдор үчүн окуучулар менен натыйжалуу кайтарым байланышын уюштуруу;
  • Үй тапшырмаларынын көлөмүн аныктоо, аны баалоо;
  • WhatsApp, ZOOM, Google Classroom, Скайп, Google Hangouts, Google Meet, MOODLE платформаларын колдонуу менен аралыктан окутуу формасында окуу процессин уюштуруу максатында ата-энелер менен иштешүү боюнча окутуу семинарлары дагы өткөрүлөт.
Ошондой эле институт тарабынан 2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн 72 сааттык "Дистанттык технологияларды колдонуу менен билим берүү уюмдарын башкаруу" модулу иштелип чыгат жана окутуу семинарлары өткөрүлөт.
 Быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен билим берүү системинин кызматкерлери үчүн август конференциясы онлайн режиминде өтөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter