У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаев кызматтык унаасын сатып, тез жардам машинасын сатып алууну чечти


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Каракол шаарына тез жардам машинасын сатып алуу үчүн кызматтык унаалардын бирин сатуу же алмаштыруу жөнүндө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аткаминер маалымат булактарына билдирди.
 
«Мен муну тез жана мыйзамдуу түрдө кантип жасоо керектиги боюнча тапшырма бердим. Эгер аны сатсак, алган акчабызды тез жардам машинасын сатып алууга жумшайбыз. Балким, кимдир бирөө биз менен алмашкысы келет. Бул маселе күн тартибинде чечилет», - деди ал.

Кеп ыйгарым укуктуу өкүлдүн  мурдагы биринчи орун басары Дамир Монолдоров айдап жүргөн унаа жөнүндө болуп жатканын жана ага жасалма номурду айдоочусу орнотконун кошумчалады.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter