У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бактыгүл Чотурова: “Драманы театрдын сахнасына режиссёр алып чыкпаса, чыгарма китепте өлүк дүйнө сыяктуу жата берет”


Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтө дегендей, акын айланасындагы бардык нерсени жүрөгүнөн өткөрүп, ал үчүн жан үрөп, чыгарма жаратат эмеспи. Белгилүү акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыгүл Чотурова менен эженин бала чагы өткөн айылы, айыл элинин, жалпы эле Токтогул районунун калкынын ички трагедиясы жана Тумар Ханыша спектаклинин жаралуу тарыхы тууралуу дил маек курдук. 
 

“Бала чакты эстеп,   сагынычты жазайын десең баягы биздин изибиз калган айыл жок. Ордунда мелтиреген суу турат”

Токтогул районунун 40ка жакын айылы кадимки Токтогул ГЭСи курулганда башка жактарга отурукташып, мурунку айылдарыбыздыбызды суу басып калган. Эл жаңы жерге көчкөндө таштак жерлерге да туура келип калган учурлары болуп, абдан кыйынчылыкты көп тарттык. Биздин  мектеп, биздин үй суу астында калды да. Бала чакты эстеп,  сагынганда сагынычты жазайын десең баягы биздин изибиз калган айыл жок. Мелтиреген суу турат. Бир жагынан ГЭС курулганы жакшы болгону менен билген адамга жергиликтүү калк үчүн трагедия болгон десек да болот. Мына ушундан улам Токтогулдук жердеш, кадыр-барктуу агаларым алдымдан чыга калса эле: “Жазуучу болдум, Токтогулдун кызымын эле дейсиң, кана сен биздин эл жөнүндө бир нерсе жазганың? Эртеңки күнү урпактар биздин башыбыздан кандай кыйынчылык өткөнүн унутуп калат. Токтогулдун эли ушул ГЭС үчүн кандай жапаа чегишти. Бул бүткүл дүйнөгө аты чыгып Кыргызстанды багып жатканы менен жергиликтүү элге трагедия алып келди”, - деп эле айта берээр эле. Турмуштун шары менен ал агамдын айткандарына толук кандуу кирише албай жүрсөм, кайрадан жолугуп калсак эле: “Ай, баягыны жаздыңбы”, - деп эле сурай берчү болду. (күлүп) Дагы бир Токтогулдук акелеримдин бири жолуга калсак эле: “ Бактыгүл, мейли сен тарыхчы эмессиң. Токтогулдун мурунку тарыхын билбейсиң. Ой бул кечээки күнүн эле жазчы ай. Биздин көзүбүз өтүп кетсе кийинки муундар билбей калат. Бул жакта эл жыргап эле жүргөн экен деп ойлойт”, - деп айтып баштады. Анан улам учурай калган жерден экөө тең:  “Ай Бактыгүл баягыны баштадыңбы” , - деп эле сурай беришти. Башында баштай элек болсом деле “Ооба, баштыдым”, - деп кутулчу болдум. Кийин баштадым деп айтып алып аткарбай жүргөнүмдөн уялып да жүрдүм. Өз ичимден: “Ай, мен калпычы болуп баратат окшойм” , - деп да ойлой баштадым. (күлүп) Анан ошондон кийин кой, бул оюнчук эмес. Өзүмдүн деле башымдан өттү жазайн деген ойго келдим. 
 


“Суу алдында калган шаар” китебим Токтогул элинин, жеринин ички трагедиясын баяндайт...”
 
Биздин айыл илгери “Кызыл жаз” деген айыл болчу.  Суунун жээгинде жайгашкан Арал деген жерде бүлдүркөндөр, сарымсактар  өскөн жер эле. Баканга суу көтөрүп алып бара жатканыбызды, ошол жерлерди суу басып калганын эстегенде кабырга кайышпай койбойт. Биз жашаган жерди суу басып, суу өйдөлөй баштаганда  ал жердеги жашаган жылаандар кадимкидей бактын башына чыгып жан алекетин кылып жаткандарын көргөндөр да бар. Мына ошолорду  эстеп отуруп чын эле жазгың да келип кетет экен. Жазыш үчүн эмне деп жазасың? Материал чогултуш керек дегендей. Ошондой материал топтойм деп жүрүп археологдордун Токтогул өрөөнү тууралуу жазылган китептерин чогултуп окуп чыктым. Азыркы Токтогул району көчүп чыккан жер мурда Миң дөбө деп аталчу. Шыбак баскан, сансыз дөбөлөрдөн турган жер эле. Бала кезде ары-бери өтүп көрчүбүз да. Ошол жерди кийин түздөп, Токтогул районунун борбору кылып коюшту. Ошол жерде археологдордун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында  сактардын падышаларынын ак сарайынын калдыктары чыккан экен. Ал жөнүндө китептер бар. Ошол жерден сактар колдонгон буюм-тайымдар чыккан. Сүрөттөр, илимий далилденген нерселердин баары бар экен. Мен ошол маалыматтарды топтоп анан “Суу алдында калган шаар” деген аталышта китеп жаздым. Китепке колума эмне материал тийсе бардыгын колдонуп, илимий далилденген бардык материалды пайдаландым. Изилдеп отурсам Нарын өрөөнүнөн тартып Нарын дайрасы бойлой кеткен Орто-Азия жергеси негизинен  сактар басып өткөн жерлер экен. Ошондон кийин сактардын тарыхына кызыгып калдым. 
 

“Томиристи Тумар ханыша деп кыргыздар атап жүрүшсө, жайгашкан жерлери биздин жер болсо, ага далил сактардын падышаларынын хан сарайларынын калдыктары чыгып жатса, Томирис биздин апабыз окшойт”, - деп ойлой баштадым.
 
Тарыхта Томирис деген ат менен таанымал болгон баатыр аял тууралуу угуп, анча-мынча окуп жүрчүмүн. Сактар тууралуу  маалыматым кеңейип калгандан кийин анан: “Ай, ушул Томиристи Тумар ханыша деп кыргыздар атап жүрүшсө, жайгашкан жерлери биздин жер болсо, ага далил сактардын падышаларынын хан сарайларынын калдыктары чыгып жатса,Томирис биздин апабыз окшойт”, - деп ойлой баштадым. Томирис тууралуу бир нерсе жазгым келди. Көркөм чыгарма жазып жүргөндөн кийин бир нерсе жазгың эле келе берет экенсиң. Ошентип мени буюктурган ойду жазууну ойлонуп, Тумар тууралуу ыр менен роман жазайын деп пландаштырып жүргөм. Негизи жакшы адамдар бар кандай жакшы. Жакшы адамдар жашагыңды келтирет эмеспи. Өзүм ошондой ой менен жүрсөм жакындан тааныган жакшы адамдар Томирис тууралуу жазып көрбөйсүңбү деп мени ого бетер жээликтирип коюшту. 
 



“Негизи драма жазуу тууралуу таптакыр оюм жок эле”

Негизи драма жазуу тууралуу таптакыр оюм жок эле. Темирлан Сманбеков театрга директор болуп келип калган учурда экөөбүз бир чыгармачыл кечеде чогуу отуруп калсак, мага идея берди. “Кыргыз улуттук театрдын статусуна туура келе турган тема алып чыкпайсызбы? Жаш эмессиз, тархый, эпикалык темада жакшы чыгарма жазсаңыз жакшы болот эле”, -   деп калды. “Мен антип драма жазып көрө элекмин алтыным, бирок менде даяр материал бар. Бирок аны башка жанрда жазып жатам”, -  дедим.   Бирок Темирландын сунушу мага аябай жагып, кадимкидей ойлонуп калдым. Үйгө барып алып бир жумача ой басып  жүрдүм. Интернеттин баарын казып чыктым. Тумар жөнүндө кандай материал болсо баарын карап чыгып, драманы кантип жазыш керек деп Бексултан Жакиев ага баштаган драматургдардын драмаларын кайрадан окуп чыктым. Шекспирдин чыгармаларын окуп чыктым. Аларды окуганбыз, көрүп деле жүрөбүз. Бирок кандайдыр бир чыгарма жаза турган көз менен карасаң башкача болот экен. Бардык чыгармаларды бир сыйра карап чыгып, быссымылда деп баштап көрдүм. Бирок акындык өнөрүм баары бир өзүнүкүн кылып койду. Акын болгон соң, Шекспирдин чыгармаларындай кылып ыр менен жазып көрсөм кандай болот деген ойго келдим. Кара сөзгө караганда  ыр менен жазган жеңилирээктей сезилип, ыр менен жазылып калды бул драма. Ошентип чыгарма жаралды.
 



“Драманы театрдын сахнасына режиссёр алып чыкпаса, артисттер образ бербесе чыгармаң китепте   өлүк дүйнө сыяктуу жата берет
 
Бирок чыгарманы жазып койгон бир иш. Драманы театрдын сахнасына режиссёр алып чыкпаса, артисттер образ бербесе чыгармаң китепте  өлүк дүйнө сыяктуу жата берет да. Учурдан пайдаланып театрдын чыгармачыл жамаатына, Тумарды сахналаштырган театрдын ошол учурдагы Көркөм жетекчиси, режиссёр, КРнын эмгек сиңирген артисти, тилекке каршы аз бирок, саз жашаган Марат Козукеевге өзгөчө ыраазымын. Мурда Маратты таланттуу актёр катары гана билчү элем. Кийин Кайрат Иманалиевдин “Коркут ата” спектаклин койгондон кийин абдан ыраазы болдум. Ал спектакль менен Түркияга чейин барып, байгелүү орундарды алып келишти. Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклин койду. Ал канча сыйлыкка татыды. Ошолордун шыбагасы бизге да жугуп, Арт-Ордо театр фестивалында бир канча мамлекеттердин арасынан “Гран-Прини” багындырдык. 


 
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter