У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент: "1-класстарды мектептен окутуу маселеси каралышы керек"


1-класска барчу балдарды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айттым. Азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Муктаждык жаралып, билим берүү процесси толугу менен аралыктан окутууга ылайыкташылды. Буга өттүк десем туура болот. Албетте, мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп койгонго баарыбыз көнүп калганбыз. Аралыктан окутууга кээ бир ата-энелер нааразы болуп чыгышы мүмкүн. Анткени андан башка тиричилиги бар. Жаңы окуу жылы боюнча министр менен сүйлөштүм. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө. Бирок 1-класстарды мектептен окутуу маселеси каралышы керек", — деди Жээнбеков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter