У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Пандемиянын эпкини тийсе да өнөр жай тармагы аксаган жок"


Дүйнө элин беймазага салган коронавирус пандемиясы бардык тармактын аксашына алып келди. Бирок кризистин күч алганына карабай өнөр жай тармагында оң динамика байкалып жатканын Экономика министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өнөр жай ишканалары 153 миллиард 471 миллион сомдук продукция өндүргөн. 2019-жылга салыштырып караганда, өндүрүлгөн сумма дээрлик бирдей болуп, 100,1 пайызды түзгөн.

Ал эми фармацевтикалык продукцияларды чыгаруунун көлөмү 2,4 эсеге, химиялык продукциялар 10,9 пайызга, пайдалуу кен байлыктарды казуу 9,8 пайызга өскөн. Аны менен катар негизги металлдар жана металлдан жасалган буюмдар 9 пайызга көбүрөөк чыгарылган.
Мындан сырткары, жарым жылдын аралыгында Ысык-Көл облусунда жети, Баткен менен Жалал-Абадда алтыдан, Ош облусунда беш, Чүйдө үч жана Ош шаарында бир ишкана ачылганы белгиленет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter