У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алиева Гүлзат, Аламүдүн айылынын ҮДТнун клиникалык жетекчиси: «Эмдөөдөн баш тарта берсек, жугуштуу оорулар көбөйүп, күрөшө албай калышыбыз мүмкүн»



Алиева Гүлзат, Аламүдүн айылынын ҮДТнун клиникалык жетекчиси:

«Эмдөөдөн баш тарта берсек, жугуштуу оорулар көбөйүп, күрөшө албай калышыбыз мүмкүн»

-     Гүлзат Кубанычбековна, сиздердеги азыркы негизги көйгөй эмнеде болуп жатат? 

-    Биздин жумуш аябай оор. Аймак чоӊ, калктын саны көп. Ички миграция күч алып жаткандыктан батирде турган жарандарыбызды да биз кароого акылуубуз. Алар келип каттоого турары менен жугуштуу оору менен ооругандарды, 5 жашка чейинки наристелерди, кош бойлуу аялдарды карабай кое албайбыз. Сөзсүз карап  медициналык жардамды көрсөтүүбүз шарт. Негизи бир дарыгерге 2000-2500 адам  кароо норматив деп эсептелсе азыр 3-4 миӊге чыгып кетип жатат. Мындан сырткары участокторго барыш керек. Калктын саны көбөйгөн сайын бизде дарыгерлер жетишсиз болуп жатат. Жаш дарыгерлер бизге көп келе бербейт. Себеби жумуш оор. Жумуштун ордугунан айлык акынын аздыгынан жаштар келбей жатса керек деп ойлойм. Азыр үй- бүлөлүк дарыгерлердин айлыктары көтөрүлдү. Эми жаштар келип иштейт деген үмүтүм чоӊ. 

-    Учурда кандай оорулардын саны өсүүдө жана алардын себеби эмнеде?
-    Экология, тамак- аш, стресс негизги себеп болууда. Кан басым оорусунун жашаруусунун  башкы себеби  кыймылдыгын аздыгы десем жаӊылышпайм. Анткени жаштар машина менен жүрүшөт. Көп баспайт, аз кыймылдашат. Кыймыл жок болсо кан коюуланып, кан айлануу системасы бузулат да жүрөккө күч келет.  Жыйынтыгында адам кан басымы оорусуна чалдыгат. Ошол себептен сергек жашоо образын тандап, спорт менен достошуу керек. Мындан  сырткары акыркы убактарда жаш балдар арасында аллергия жана онкологиялык оорулар көп катталып жатат. 

-    Жашылча – жемиштердеги химиялык кошуламалардын нормадан көп болуп жатышы шишик ооруларын пайда болушуна алып келүүдө деген сөздүн чындыгы барбы?
-    Албетте, химиялык кошуламалардын нормадан көп болушу балдардын аллергия, шишик ооруларынан жабыркашына шарт түзүүдө. Себеби биз туура тамактануу керек деп жемиштерди, жашылчаларды көп жегиле деп айтабыз. Азыр чыгып жаткан жемиштердин, жашылчалардын курамында химиялык нитраттар нормадан 200 эсе көп чыгып жатканын интернеттен окуп жатабыз. Эми бул деген калктын саламаттыгын талкалоо дегенге эле барабар да.  Ошондуктан биздин бул тармактагы адистер бизде өстүрүлүп жаткан да, сырттан кирген да жашылча- жемиштерди тыкыр көзөмөлгө алып, ашыкча нитарттары бар азыктарды сатууга тыюу салышы шарт. 

-    Жылдан  жылга балдарды эмдетүүдөн баш тарткандардын саны да өсүүдө. Бул  жугуштуу оорулардын жайылуусуна шарт түзбөйбү?
-    Туура, акыркы кезде диндик көз караштан улам эмдөөдөн баш тартып жаткандар көбөйүүдө.   Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.  Айрымдары эмнеге албай жаткандарын жакшы деле түшүнүшпөйт. Сурасаӊ, курамында чочконун каны бар экен, эмдөө аркылуу еврейлер мусулмандарды ууландырып жатат деген сыяктуу туура эмес маалыматтарды айтышат. Ошондо биз да силер эмнеге ажыга барганда эмдөөдөн өтөсүӊөр, эгер силер айткандай зыян болсо силер да баш тартып ажыга барбай койбойсуӊарбы десеӊ унчукпай калышат.  Негизи эмдөөнү алыш керек. Себеби биз ушул кезге чейин эмдөө аркылуу бир топ жугуштуу ооруларды жеӊдик. Эгер баарыбыз эмдөө зыян деп баш тарта берсек эртеӊ коомдо жугуштуу оорулар көбөйүп, биз күрөшө албай калышыбыз мүмкүн. 

Жаркынай Кадыркулов



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter