У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтий: "Башыбызга келген бул апааттан чыгууда эң башкысы чөкпөйлү, жакшылыктан үмүт үзбөйлү"


Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев бүгүнкү Курман айт майрамына карата элди куттуктап жатып, Курман айт жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы экенин белгилеп, бул күндөрү жетим-жесирге, улгайган ата-энелерге, колунда жокторго, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардам жүрөктү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготорун айтты.

Ошондой эле учурда илдет менен алышып жаткандардын эртерээк сакайып кетишин каалады.

“Башыбызга келген бул апааттан чыгууда эң башкысы чөкпөйлү, жакшылыктан үмүт үзбөйлү. Дүрбөлөңгө алдырбайлы. Бул күндөрдүн, кыйынчылыктын артынан жакшылык келерин эсибизден чыгарбайлы” – деп кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter