У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан өлкө боюнча 73 медкызматкер каза болду

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 медицина кызматкери COVID-19 вирусунан каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдирди.    
 
Штабдын берген маалыматына ылайык, алардын ичинен 44ү дарыгер. Ал эми 18 адам орто медициналык билими бар адистер, үчөө кенже медициналык кызматкер, калганы башка кызматкерлер.
 
Тизмеге саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, менчик мекемелерде иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.
 
Республика боюнча жалпы 2743 медкызматкер вирус жуктуруп алганы аныкталды, анын ичинен 1664ү айыгып чыкты, 73 медицина кызматкер каза болду.  
 
Өкмөт кызмат учурунда вирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миӊ сом, каза болгондорго 1 млн. сом компенсация төлөнүп берилет деп билдирген.  
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter