У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ажо кыргызстандыктарды курман айт майрамы менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өлкө башчынын куттуктоосун басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда таратты.

Ажонун куттуктоосу: 

«Урматтуу мекендештерим!
Кадырлуу момун мусулмандар!
Баарыңыздарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм. Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн. Быйыл Курман айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм.
Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт-таалай каалайм. Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин.
Бардыгыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчык болсун. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым өзү колдосун!».


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter