У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Биз өлүмдүн санын азайтуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек»

Биздин негизги максат жарандарыбыздын өмүрүн сактоо жана өлүмдүн санын азайтуу. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 
 
«Биз үчүн ар бир адамдын өмүрү -кымбат, ал эми ар бир өлүм –трагедия жана жүрөктөгү жарат... Биз өлүмдүн санын азайтуу үчүн болгон күч-аркетибизди жумшашыбыз керек», - деди Боронов.
 
Ошондой эле өкмөт башчы ооругандар көп катталып жаткан аймактарда көзөмөлдү күчөтүп, илдет менен күрөшүүдө болгон аракеттерди жумшап, жардамга муктаж облустардагы көйгөйлөрдү тезинен чечүү керектигин белгиледи.
 
 «Учурда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандардын саны көп катталууда. Буга байланыштуу аталган аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүү керек. Даяр болуп колдонууга бериле турган ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча жумуштарды жасоо зарыл. Дары-дармек менен камсыздоо департаменти аймактардагы медициналык мекемелердин дары-дармектер жана медициналык жабдуулар менен камсыздалышын көзөмөлдөшү шарт. Тез жардам кызматына кайрылгандарга өз учурунда көңүл бурулуп, чакырууларга келбей жана жардам көрсөтпөй койгон учурлар болбошу керек», - деди премьер-министр. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter