У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Учурда ооруканаларда 9 миӊ 321 бейтап дарыланып жатат

Өлкө боюнча стационарларда жалпысынан 9321 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 30-июлда билдирди. 
 
Дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 3 миӊ 801 адамдын анализинен коронавирус илдети табылган, ал эми 5 миӊ 520 бейтап пневмония менен ооруп дарыланууда. 
 
Ооруканаларда дарыланып жаткандардын аймактардагы статистикасы:

Бишкек шаарында -3609;
Ош шаарында -607;
Чүй облусунда -1140;
Ош облусунда -1152;
Ысык-Көл облусунда -983;
Баткен облусунда -478;
Талас облусунда -323;
Нарын облусунда -198;
Жалал-Абад облусунда-823. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter