У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент: "Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти…"

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбековдун Улуттук аза күтүү күнүнө карата кайрылуусун толугу менен беребиз.


"Урматтуу мекендештерим!
Бүгүн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.
Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн.
Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык.
Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту.
Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады.
Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти…
Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз.
Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз.
Жараткандан сабыр тилейбиз.
Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз.
Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз.
Урматтуу мекендештерим!
Жарандарыбыздын өмүрү, элбиздин ден соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек.
Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат.
Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш.
Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!
Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым!
Кайраттуу бололу, сабыр тилейли!
Эртең мусулмандардын улуу күнү — Курман айт.
Каза болгондорго арналып куран окулат, өткөндөрдүн бейишин тилеп, Жаратканга сыйынабыз.
Ата-энелеринен, уул-кыздарынан, жакын туугандарынан ажыраган мекендештеримдин аза күйүтүн тең бөлүшөм!
Каарман элибизди, сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!
Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!".



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter