У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК Кылычбек Султановду эмне себептен суракка чакырып жатканын айтты


Мурдагы элчи Кылычбек Султановду бир нече күндөн бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суракка чакырып жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта соттук өндүрүштүн ичинде саясатчы Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмачылыкка барышы мүмкүн деген фактылар текшерилип жатканы кабарланган.

27-июлда Кылычбек Султанов жогорудагы иш боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКнын тергөө органдарына күбө катары чакырылган.
"Бирок ал көрсөтмө бергенден баш тарткандыктан иш кийинкиге жылдырылган", - деп айтылган маалыматта.

Эске салалы, ал КРдин Кореядагы элчиси болуп 2017-2018-жылдары иштеген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter