У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус пандемиясы айлана-чөйрөнүн кескин булганышына алып келди

Коронавирус пандемиясы адамдардын ден соолугу менен өмүрүнө гана коркунуч туудурбастан, айлана-чөйрөнүн кесин булганышына да алып келди. Бул маалымат Бириккен улуттар уюунун жыйынында айтылганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
 
"Коронавирус пандемиясы бир жолу колдонулуучу беткап, колкап, дезинфекциялоочу каражаттардын желим бөтөлкөлөрүнүн көп сатылышына, колдонулушуна себеп болду. Колдонулган буюмдар өз учурунда жок кылынбай, айлана-чөйрөгө тарап кетти. Биздин көчөлөр, пляждар жана океандар цунами таштандыларынан, бир жолу колдонулуучу беткап, колкап, антисептиктин желим идиштеринен жана азык-түлүктүн желим баштыкчаларынан жабыр тартууда"-деп билдирет БУУнун өкүлдөрү.
 
Планета үчүн желим баштыктар, идиштер менен булгануу коронавирус пандемиясынын чыгышына чейин олутту коркунучтардын бири болгон, коронавирус пандемиясы бул коркунучту дагы күчөткөнүн жыйындын катышуучулары баса белгилешкен. 
 
"Ооруну токтотуу, адамдардын коопсуздугун сактап калуу үчүн күнүмдүк буюмдардын көп колдонулушу планетанын желим буюмдардан булгануусун дагы күчөтүп, абалды начарлатты»,-деди эл аралык ЮНКТАД соода департаментинин директору Памела Коук-Гамильтон.
 
Grand View Research компаниясынын маалыматына ылайык, беткаптардын дүйнөлүк сатылышы 2019-жылга салыштырганда 800 миллион доллардан 2020-жылы 166 миллиард долларга көтөрүлгөн.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter