У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Быйыл курман айтта айт намазы окулбайт


Курман айт намазы быйыл аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда адатта Курман айтта амалдардын эң биринчиси айт намазын окуу жана элге кайрылып, диний насааттарын айтуу, курмандык чалуунун жол-жобосун үйрөтүү, андан соң курмандык чалуу менен башталат.

«Бирок бул күндөрү жугуштуу COVID-19 тумоосунун тарап кетүү коркунучу жоюла элек болгондуктан коопсуздук үчүн Курман айт намазы окулбайт деген чечим кабыл алынды. Фатва китептеринде айтылган абалдар биздин учурдагы эпидемиялык абалыбызга окшоштугу болгондуктан өлкө боюнча эртең менен күн чыккандан соң саат 07:30дан кийин курмандыкты союуга уруксат берилет.
Курмандыкты 31-июль, 1-август жана 2- август күнү аср намазына чейин чалууга болот. Каалоочулар ушул көрсөтүлгөн күндөрдүн каалаган мезгилинде чалса болот»
, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда Курман айт 31-июлда белгиленет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter