У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жамал Сейдакматованын жолдошу Садыр Назаров дүйнө салды


Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 83 жашында оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.


Садыр Назаров 1937-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.

Ал көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп кызмат өтөгөн. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин “Туңгуч” театрынын башкы директорунун кызматын аткарган. Ал илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнөн кийин бүтүндөй өмүрүн, уюштуруучулук талантын “Туңгуч” театрын өсүп-өнүктүрүүгө, чыгармачылык бийиктиктерге чыгуусуна арнаган. “Туңгуч” театры тынымсыз чыгармачылык ийгиликтерге жетишип, кыргыздын сахна өнөрүн Европа, Азия, Америка, Африкадагы мамлекеттерге чейин таанылышына Садыр Назаровдун кошкон салымы зор.

"Туңгуч” театры Египетте (Каир), Колумбияда (Богота), Германия (Мюльхайм), Иранда (Тегеран), Кытайда (Үрүмчү), Орусияда (Москва, Уфа), Өзбекстанда (Карши), Казакстанда (Алматы, Астана), Түркияда (Стамбул) өткөн эл аралык театр фестивалдарына катышып, ийгиликтер менен кайткан. Бир нече жолу баш байгелерди багындырган. Ал эми Кытайга “Туңгуч” театры беш ирет чакырылып, эл аралык театр фестивалына катышкан. Буга театрдын көркөм жетекчиси, кыргыз театр жана кино искусствосунун залкары Жамал Сейдакматова менен анын материалдык-техникалык жактан шарт түзүп турган театрдын директору Садыр Назаровдун опол тоодой эмгеги бар.

Мындан сырткары “Туңгуч” театры Кыргыз Республикасынын ичинде да тынымсыз гастролдук турнелерди өткөрүп, Ала-Тоонун бүтүндөй аймактарын кыдырып, элди кыргыз театр искусствосун сүйүүгө жана урматтоого чакырып, жаңы өсүп келе жаткан театр ышкыбоздорунун тушоосун кескен.


Садыр Назаровдун жетекчилиги менен “Туңгуч” театрынын көрүнүктүү артисттери Асылбек Өзүбековдун, Мурат Мамбетовдун, Эгемберди Чалабаевдин таланттарынын гүлдөп турган мезгили туш келип, андан чыныгы кыргыз маданиятынын көрүнүктүү сап башында болуп чыга келди. Профессор Садыр Назаров жаш кезинде чыгаан окумуштуу жана Политехникалык институттун проректору катары миңдеген студенттердин жана кесиптештеринин эсинде калса, тажрыйбасы такшалган куракта маданият тармагынын мыкты менеджеринин үлгүсүн көрсөтүп кетти.


"Фабула кж" сайты маркумдун жакындаына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter