У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекова өмүр бою стипендия ала турган болду


Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова мындан ары ай сайын 20 миӊ сом өмүр бою төлөнүүчү стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Өкмөтүнүн 26-июндагы чыгарган чечимине ылайык, учурдагы дүйнө чемпионуна мындан ары мамлекеттен ай сайын 20 миң сомдон стипендия төлөнүп турат.
 
Өмүр бою төлөнүүчү стипендия спорттун Олимпиадалык түрү боюнча чоӊдор арасында дүйнө чемпиону болгон бардык спортчуларга берилет. Бул категориядагы спортчулардан азырынча өлкөдө Айсулуу жалгыз спортчу. Ал 2019-жылы Нур-Султанда өткөн дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетип, Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter