Учурда Бишкектеги ооруканаларда 1306 бош орун бар
- 25.07.2020, 13:05,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Учурда Бишкектеги ооруканаларда 1306 бош орун бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Коронавирус илдети менен ооруп, жардамга муктаж болгон бейтаптар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.
"Гансидеги" оорукана — 495;
Улуттук госпиталь — 149;
Воронцовкадагы санаторий — 181;
№1 интернат — 98;
Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 73;
Республикалык наркология борбору — 69;
Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 43;
№1 шаардык клиникалык оорукана — 53;
"Ынтымак" медресеси — 39;
Темир жол ооруканасы — 20;
Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 44;
Улуттук кардиология жана терапия борбору — 17;
Rixon мейманканасы — 11;
Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 10;
Discovery мейманканасы — 4.