У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Илмиянов менен Сопоковго болгон ырайымдын сыры?..


Атпай журтка «Шоопур» деген каймана ат менен таанылып, саясий иштерди көшөгө артында көмүскө чечип атагы чыккан Икрамжан Илмияновдун жатак абакка чыккан коомдо кызуу талкууланууда. 

Андан көп өтпөй Райым Матраимов менен Айэркен Саймаитинин чатагында төбөсү көрүнгөн, камактагы Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков 300 миң сом айып төлөп, сот залынан бошоду. 

Айтмакчы, мындай иштер жөн эле катарадагы көрүнүш эместигин эске алсак, 2019-жылы «Алдамчылык» беренеси менен соттолуп, 7 жылга эркинен ажыратылган Илмияновдун жатак абагына чыгышы, Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде үч эпизод боюнча айыпталып жаткан Сопоковдун айып пул төлөп эркиндикке чыгышында чоӊ сыр бар. Эл арасында шайлоо алдындагы мындай бурулуштардын орун алышына Райым Матраимовдун (Райым миллион) таасири чоӊ экени бекер жеринен айтылып жаткан жок. 

Демек, Илмиянов бир кезде өзү түзгөн, учурда Райым Матраимов ээлик кылган «Мекеним Кыргызстан» партиясына күзүндө өтүүчү шайлоодо көшөгө артында жардам берип, сүрөөнгө алып, керектүү добушту алып берүүгө керек болду дегенге негиз бар.  

Илмияновдун эки жолку парламенттик, эки жолку президенттик шайлоодо көшөгө артындагы көмүскө оюндарды жүргүзүп кыйла тажырыйбалуу болуп калганын эске алганда, айтылып жаткан божомолдордун чындыгы бар десек болчудан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter