У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сопоков 300 миң сом төлөп, сот залынан бошоду...


Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков  300 миң сом айыппул төлөп, башка жакка кетпөө тууралуу тилкат жазып берип, сот залынан бошоду. Аны Бишкектин Биринчи май райондук соту эркиндикке коё берди. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

Тараган маалыматка караганда соттун чечими 10-июлда чыккан жана бөгөт чара өкүм күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат. Өкүм отуз күндө күчүнө кирет. Соттун сайтка жарыяланган маалыматына караганда Сопоков коюлган күнөөнү мойнуна алып, анын негизинде мамлекеттик айыптоочу менен 2020-жылдын июнь айында келишим түзгөн. Эки тараптуу келишимдин негизинде Биринчи май райондук соту Сопоковду үч эпизод боюнча күнөөлүү деп таап, жазаны соттук териштирүү жүргүзбөй туруп чектеген.

Райондук сот тараткан маалыматта "Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 10-июлундагы окүмүнө ылайык, С.Э.М. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 320-беренесинин 2-бөлүгү, 320-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылды" деп белгиленген.

Эркин Сопоковго Башкы прокуратура, УКМК Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде үч эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон.

Сопоков 2019-жылдын 28-ноябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ошондон бери ал УКМКнын тергөө абагында болчу.

Сопоков Айеркен Саймаити Стамбулда 10-ноябрда өлтүрүлгөндөн кийин ишинен бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Буга Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасынын табылганы себеп болгон.
Сопоков консул кезинде дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган, жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталып жатканы кабарланган.

Мурда Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген Саймаитини былтыр 10-ноябрда кафеде отурган маалда белгисиз киши атып кеткен. Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Эркин Сопоковго таандык экени, , автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан. 11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.

УКМК Сопоковдун кармалышы "Азаттык" радиосу жана "Kloop" сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөөгө байланышы бар экенин да белгилеген. Ошондой эле Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Мыйзамсыз баюу" өңдүү бир катар беренелер боюнча да иликтөө жүргүзүп келген.

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн бири катары Эркин Сопоковдун видео көрсөтмөсү парламентте көрсөтүлгөң. Ал Айеркен Саймаити «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго Стамбул шаарында 50 миң доллар бергенин Саймаитиден укканын айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter