У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жашартуучу маскалар…

Жашартуучу маскалар…

Жумуртка маскасы
Адегенде, жумуртканын агын алып, ага бир чай кашык лимондун ширесин аралаштырып, даяр болгон аралашманы бетке жаап, үч мүнөттөн соң, жылуу суу менен жууп салабыз. Бул беттин терисин тартат. Андан кийин жумуртканын сарысын алып, ага 15 гр өсүмдүк майын жана 10 тамчы лимон ширесин аралаштырып даяр болгон аралашманы бетке жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен андан кийин муздак суу менен жууп коебуз.  

Сүт маскасы
Бир аш кашык унду сүткө аралаштырып, ага жумуртканын сарысын кошуп, аябай аралаштырып алабыз. Даяр болгон аралашманы бетке жаап, 20 мүнөттөн кийин лимон ширеси кошулган суу менен жуубуйбуз. Ал үчүн бир стакан сууга бир чай кашык лимон ширесин аралаштырып алабыз. Бул маска беттеги бырыштарды кетирип, терини жашартат.

Картошка маскасы
Картошканы сууга кайнатып, андан кийин аны эзип, даяр болгон боткону жылуу бойдон бетке жабабыз да, 20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп салабыз.

Лимон маскасы
Лимонду майда кылып туурап, ага жумуртканын сарысын, ун, бадам майын кошуп, аралашманы бетке жаап, 10 мүнөттөн соң суу менен жууп салабыз.

Бал маскасы
Бир же эки чай кашык сулуунун унун алып, ага бир чай кашык суюк балды жана жарым чай кашык жумуртканын агын аралаштырабыз. Андан кийин аралашманы бетке коюп, 20 мүнөттөн соң, кебез менен сүртүп салабыз да, бетти тундурулган муздак суу менен жууп салабыз. 

Геркулес маскасы
100 гр геркулести кофе майдалагычтан өткөрүп, үстүнө бир стакан ысык сүттү куюп, бир кашык өсүмдүк майын кошуп жакшылап аралаштырабыз да бир аз муздатып, андан соң бетке жабабыз. 15 мүнөттөн кийин масканы жууп, бетке бет май сүйкөп коебуз. 

Банан маскасы
Эки аш кашык бананды вилка менен эзип, ага бир чай кашык сүт кошуп, даяр болгон масканы бетке 20 мүнөт жаап, андан кийин сүткө малынган кебез менен бети сүртүп, тазалап коебуз. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter