У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте илдеттен каза болгон бейтаптардын саны качан азаят? Адистин жообу…


 «Ганси» обсервациясында 50 орундуу реанимациялык блоктун ачылганына, ал зарыл болгон медициналык жабуулар менен камсыздалганына карабай «Ганси» обсервациясында илдеттен каза болгон бейтаптардын көп катталып жатышынын себебин билүү максатында реанимациялык блокту жетектеп жаткан реаниматолог Жамиля Чынгышовга бир нече суроо менен кайрылдык. 

- Жамиля Амановна, «Гансиде» илдеттен каза болгон жарандардын саны көп катталып жатканы айтылууда. Бардык шарты бар реанимациялык блоктон бейтаптардын көп кайтыш болуп жатканын себеби эмнеде?
- Абдан туура суроо берилди, себеби акыркы эки күндө «Семетей» госпиталынан каза болгон бейтаптардын саны көп болду. Мунун себеби, шаарда ачылган күндүзгү, түнкү стационарлардагы абдан оор абалдагы бейтаптарды бизге которууга макулдук бердик. Мындан сырткары Сокулук жана шаардагы оор абалдагы оорулууларга жардам берүүгө шарты жок ооруканалардагы абдан оор деген бейтаптарды да биз дарылоого алдык. Бүгүн Оштон, Чолпон-Ата, Балыкчыдан оор абалдагы оорулуулар келишти. Аларды да кабыл алууга аргасыз болдук. Алардын оор абалда экенин көрүп туруп, кантип кабыл албай коебуз. Эӊ оор абалда деген бейтаптардын баары бизге келип жаткандыктан «Семетей» госпиталында илдеттен каза болгон бейтаптардын саны өсүп жатат. Албетте, өкүнүчтүү…

Бул оору адам тандабайт экен. Жаштар да, карылар да ооруп, бирөөлөр айыгып, айрымдар каза табат экен. Медицинасы, экономикасы өнүккөн менмин деген өлкөлөр да адамдарын сактап кала албай жатышат. Дарыгерлер колдон келген аракетти жасайбыз. Бизге адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Ар бир бейтапты айыктырууга жандалбастайбыз. Кээде ажалдан алсыз болобуз. Себеби Кудай- улук, буйрукка айла жок.

- «Семетей» госпиталына келип түшкөн алгачкы бейтаптар айыгып чыгыштыбы. Оор абалдагы адамдар келгенге чейин сиздерде каза болгон адамдардын саны канча эле?
-Биз ооруну беш күндө жеӊдик десем жаӊылышпайм. «Семетей» госпиталына келген бирнчи бейтаптардын дээрлик баары айыгып чыгып кетишти. Биз абдан көп адамдарды айыктырдык. Күнүнө 100-200 киши айыгып чыккан учурлар болду. Шаардагы стационардагы бейтаптарды кабыл ала элек учурда бизде 2-3 өлүм катталып жаткан. Алардын өпкөлөрү 85-90 пайыз жабыркаган эле. Биз колдон келгенин жасап жаттык, кээде оору күчтүүлүк кылып кеткен учурлар да кездешет. Айла жок, аларды сактай албай жаттык. Жашы өтүп калган, курч өнөкөт оорулары бар бейтаптарды сактоо кыйын болуп жатат. Ошого карабай дарыгерлер өлүмгө арачы болгонго аракет кылып жатабыз. 
 
«Семетей» госпиталындагы 600 бейтапты айыктырып чыгарып коюп, «Биз ооруну жеӊдик»- деп беткап, кийимдерибизди чечип кубанып чыга калсак болмок, бирок биз дароо эле шаардагы ооруканалардагы оорулууларды дарылоого кириштик. 

- Азыр абал кандай, бир аз жеӊилдеп калдыбы. Илдеттен каза болгондордун саны качан азаят?
- Азыр абал жакшы нукка бурулду. Бир аз болсо да жеӊилдиктер бар. Ооругандар азайды, айыккандар көбөйдү. Бош орундуктар пайда болуп, ооруган жарандар тезинен жардам ала башташты. Буга да шүгүр. Ал эми каза болгондор жөнүндө айтсам, шаарда ачылган стационарлардагы, ооруканалардагы оор абалдагы бейтаптарды толук бизге которуп алсак, Бишкекте кайтыш болгондордун саны азаят. Буга 3-4 күн керек. Кудай буюрса, 3-4 күндө «Семетей» госпиталында илдеттен каза болгондордун саны кескин төмөндөйт деп ишенем. 

- Сиздерде дары-дармектер барбы?
-Баары жетиштүү десем жаӊылышкан болом. Бирок көпчүлүк дары-дармектер бар. Өкмөт тарабынан, демөөрчүлөрдүн колдоосу, биз бекитилген Улутук онкология борборунун жетекчиси Эрнис Абдышевичтин жардамы менен дары-дармектер менен жетиштүү камсыз болуп жатабыз. Азыр өкмөт да, ӨКМда, кыскасы тийиштүү жетекчиликтердин баары болгон аракеттин көрүп, элди сактап калуунун аракеттин көрүп жатышат. Эл деп чуркаган бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. 

- Дарыгерлердин көбү ооруп жатат, бейтаптарды дарылоого дарыгерлер жетиштүүбү?
- Башында дарыгерлер жок болчу. Биз акыркы курстагы студенттер менен иштеп жаттык. Азыр дарыгерлер жетиштүү. «Семетей» госпиталына реаниматологдор, дарыгерлер керек деп коомчулукка кайрылгам. Жардамга кол сунган кесиптештерим абдан көп болду. Азыр көбүнчө тажрыйбалуу дарыгерлер иштеп жатышат. Ушундай учурда жардам берем деп келгендери үчүн аларга таазим этем. Биз дарыгерлер баарына кайыл болуп эле иштеп жүрөбүз. Ушул ооруну жеӊип, аман-эсен чыгып алсак деген эле тилегибиз бар.  

- «Ганси» обсервациясы кышында иштей алабы?
-Биз «Семетей» госпиталын сактап калышыбыз керек. Ооруну жеӊдик деп эле баарын таштап салып басып кеткенибиз туура болбойт. Оору кайра келеби жокпу, бул оорукана бизге керек. Бардык шарттары бар, көп орундуу мындай оорукананы жок кылбай, кийин башка оорулар үчүн колдоно берсек болот. Бизде ооруканалар жетишсиз экени баарыбызга маалым эмеспи. Ошол үчүн азыртан кышка даярдыктарды көрүп, жылуулап, жылуулук системасын колго алыш керек деп ойлойм. Бул жерде дагы 450 орун даярдалып жатат. Ошондо 1000 орунду оорукана болот, реанимациялык блок да бар. 1000 орунду мындай чоӊ оорукананы азыр кура албайбыз. Ошондуктан муну сакташыбыз керек.

-Дүрбөлөӊ ооруну күчөтөт, иммунитетти алсыздандырат деп адистер айтышууда, адис катары буга кандай жооп айтасыз?
-Абдан туура айтылган деп жооп берем. Адам дүрбөлөӊгө түшкөндө организмдеги коргоочу клеткалар ишин токтотот. Коргоочулары жок организмди вирустар бат эле багындырып алышат. Ошол үчүн элимди сабырдуулукка чакырам. Урматтуу элим, сабырдуу, акылдуу, ынтымактуу бололу.  Санитардык талаптарды сактап, беткап тагынып, эл көп чогулган жерден алыс болсок ооруну жеӊебиз. Азыр бизге ынтымак, сабырдуулук, биримдик керек. Жаман сөздөрдөн, уруш-талаштан алыс бололу. Жаман кабарларды желдей таратып, элдин маанайын бузуп, коркутуп, дүрбөлөӊгө салбай, позитивдүү жаӊылыктар менен бөлүшөлү, жакшы тилектерди тилейли. Ооруну жеӊсек, аман-эсен тынч жашоого келсек, анан күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып, териштирип, талашып-тартышып алабыз. Буюрса, биз бул ооруну жеӊебиз, ишен элим!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter