У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айпери Кубик кызы: "Хайп үчүн эмес, Аллах ыраазычылыгы үчүн жоолук салындым…"


Ырчы Айпери Кубик кызы дин жолуна түшүп, кудайдын ыраазычылыгы үчүн оронгонун жазып чыкты:

“Ассаляму алейкум туугандар! Буга чейинки постто жазылган ар бириңиздин колдоо сөзүңүзгө ыраазычылык билдирем. Аллах ыраазы болсун! Кабыл кылсын! Ал эми кирпик болбойт, боёнсо болбойт, даарат өтпөйт жана башка деген сөздөргө жооп: Рахмаат… Кабарым бар. Болгону ал сүрөткө түшүү үчүн жасалган макияж. Даарат алганда дароо өчөт. Хайп үчүн, реклама үчүн дегендерге: Кечиресиздер, туура эмес жазып алдыңыздар. Аллах ыраазычылыгы үчүн ооба жоолук салындым, шүгүр…
Жөн эле мода үчүн дегендер! Кана эле жоолук, намаз мода болсо, анда түбөлүккө (Аллах ыраазычылыгы үчүн) “модный” болуп кетсек баарыбыз.
Бардык катталуучуларымды бир туугандарым деп жакшы көрөм… Жүрөгүңүздөр толгон ыйман,тилиңиздер асал болсун!Ылайым эле жакшы гана сөздөр чыгып калсын! Ааминь!
Анан да акыл үйрөтүп жазгандар-башында жоолугу жок, чачтары кыска,ачык кийинген,тырмагында лагы бар,төштөрү көрүнгөн Айымдар, жашы чоң эжелер экен!Ошончо акыл сиздерге өзүңүздөргө да кызмат кылсын дегим келет…”


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter