У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Оорукана куруу иштерин эртелетүү зарыл



Бишкек жана Ош шаарларында курула турган ооруканалардын орду жана долбоору даярдалууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
 
«Оорукананы куруу иштерине Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды тийиштүү медициналык тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылат жана кадр маселесин чечет», — деди Боронов. 
 
Ошондой эле аймактарда колдонулбай турган бош имараттар оӊдоодон өтүп, ооруканага ылайыкташтырылат. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташы керек. Жаӊы даярдалган ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын 25-30у реанимациялык орун болот. 
 
«Беткаптардын, медкызматкерлер үчүн коргоочу кийимдердин тартыштыгы жаралбашы үчүн аймактарда беткаптарды, коргоочу кийимдерди тигүүнү колго алуу зарыл. Алардын баасы элдин капчыгына туура келиши керек. Ошондой эле ар бир район компьютердик томография менен камсыз болушу шарт. Аймактардагы өкмөттүн өкүлдөрү бул иштерди тезинен колго алып, компьютердик томографияларды алып келип, орнотуу иштерине жоопкер болот. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин коргоочу кийимдерине жооп берет»-деди өкмөт башчы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter