У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакытжан Аманов тоодо кыргыздардан тепки жеген Пакистандык студенттерден кечирим сурады


Кыргыз балдарынын колунан тоодо эс алып жүргөн жеринен ур-тепкиге алынган пакистандык студенттерден Бакытжан Аманов аттуу жаран бүткүл кыргыз элинин атынан кечирим сурады. Бул тууралуу Алина Касенова аттуу фейсбук колдонуучусу жазып чыкты. Маалыматка таянсак, Аманов аларды баласы аркылуу таап, конокко чакырып, бүткүл улуттун атынан кечирим сураган.

"Биздин тартипсиздер ур-тепкиге алган Пакистандан келген студенттер эсиңиздеби? Таанышып алыңыздар, Аббас жана Зихан Али. Алар Эл аралык университеттин  5-курсунун студенттери. Учурда Джал клиникасында ыктыярдуу түрдө иштеп, адамдардын өмүрүн сактап жатышат. Биздин досубуз Бакытжан Аманов аларды уулу аркылуу тапты. Уулу алар менен футбол ойнойт. Бакыт аларды конокко чакырып сүйлөштү жана бүтүндөй кыргыз элинин атынан кечирим сурады. Бардык эле кыргыздар аларга тоодон жолуккан акмактардай эмес экенин түшүндүрдү. 
 
Маалымат үчүн:
Индия, Түркия, Пакистан жана Кытайдан келген студенттердин көпчүлүгү Кыргызстандын университеттеринде билим алышат. Республикага КМШдан келген студенттердин көпчүлүгү келишет. Чет элдик студенттер бар  үчүн университеттер жылына 15 миллион доллардан ашуун акча табышат. А биз аларды тепкилеп, аттарын атап, шылдыңдайбыз.
Эл аралык студенттер ар дайым бир нече кишиден турган топ менен чогуу жүрүшөт. Бардык документтери болсо дагы биздин эр жүрөк милиция кызматкерлерибиздин алдына "каттоодон" өтүүгө аргасыз болушат. Жакында Пакистан менен Индиянын элчилери студенттерди Кыргыз Республикасына жибербөө тууралуу маселени көтөрүшөт. Ушундан кийин кайсы өнүгүү жөнүндө сүйлөйбүз? Уят" дейт маалыматта.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter