У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундуу эки оорукана курулмай болду


Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдала баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөргөн. Анда Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал, аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланган.
 
Онлайн-кеңешмеде Бишкек менен Ош шаарларына 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдала баштаганы айтылып, Бишкекте курулушка жер Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан бериле турганы маалым болду.

"Жээнбеков өкмөттүн демилгесин колдоого алып, Бишкектин мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселеси боюнча да иштеп жатканын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчы шаар, райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө да көңүл бурган. Ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды күчөтүү керектигин белгилеген.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter