У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Белгилүү ырчы Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды


Белгилүү ырчы Малик Аликеевге 2 жолу операция жасалып, экөө тең ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

"Бүгүн, 20 – июль күнү Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүндө даарыланып жаткан Малик Аликеевден кабар алды. Буга чейин ырчыга аталган ооруканада жамбаш сөөгүнө операция жасала тургандыгы айтылып, даарылоонун жүрүшү жана Малик Аликеевдин ал – абалы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылган" дейт маалыматта. 

Маалыматка караганда ырчынын  жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндөрдүн ичинде ырчы ооруканадан чыгып, эми чыгармачылыгы менен алектенет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter