У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмагүл Аширбаева, медайым: «Ушул ооруну жеңип кетсек, биздин чоң сыйлыгыбыз ошол болгону турат»


Азыркынын баатыры,  өз өмүрүн тобокелге салып, жанын оозуна тиштеп, оорунун очогунда күнү-түнү иштеп жүргөн Ысык-көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу  айылындагы Талды-Суу  Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жогорку медайымы Алмагүл Аширбаева менен маектештик.

- Алмагүл айым, медицина тармагында канча жылдан бери эмгектенесиз?
- Быйыл кудайдын буйругу менен 40 жылдан ашты. Кесибимди абдан жакшы көрөм. Ар бир бейтаптын кабак-кашына, маанайына карап, ар бир адамдын психологиялык абалын баамдап, кеңеш айтып дарылап келе жатабыз.  Бул тармакка ата-энемдин сунушу, өзүмдүн каалоом менен келип калгам. Кудайдын буйругу экен, өзүм туулуп-өскөн айылдын элине колумдун келишинче ак кызматымды кылып келе жатам. Тагыраак айтканда Ысык-көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу  айылында  туулуп-өскөм. 4 бир туугандын экинчисимин. 1977- жылы  М.Элебаев атындагы 10 орто мектебин аяктап, ушул эле жылы Прежевальск (Каракол ) шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, 1979- жылы аяктадым. Ушул эле жылы Талды-Суу участкалык ооруканасына медайым болуп ишке киргем. Ошол жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келем. Быйыл башкы медайым болуп иштеп жатканыма 12 жыл толду. 

- Пандемия шартында ишиңиздер 10 эсе көп болууда. Кантип жатасыздар? Шарт барбы? Жакшы эле сактанып жатасыздарбы? Оору очогунда иштөө өтө оор иш эмеспи...
- Оору оор. Бирок мындай оор кырдаалда элге кызмат кылууга милдеттүүбүз. Колубуздун келишинче иштеп жатабыз, коргонуудабыз. Коргонуучу кийимди 8-9 саат кийип иштеп жатабыз, мынча саат кийип жүрүү оор, бирок ооруну жеңиш үчүн чыдашыбыз керек.

- Канча күндөн бери үйгө бара элексиз?
- Үйгө барбай, ооруканада күнү-түнү иштеп жатканыбызга 10 күндөн ашты. Оору күч алгандан бери жатып иштей  баштадык. Кайрылгандар адаттагыдан көбүрөөк. Бейтаптардын көбүн өзүбүз эле дарылоодобуз, айрым оор болуп жаткандарды гана борборго жиберүүдөбүз. Жеңил, орто абалдагы бейтаптардын баарын өзүбүз эле дарылап жатабыз.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?
Жолдошум менен кесибим аркылуу 1980-жылы таанышкам. Убагында биздин оорукананы Мустафа Бокоевич Бокоев деген дарыгер жетектеп турчу. Биздин азыркы иштеп жаткан ооруканага ошол Мустафа Бокоевичтин ысымы берилген. Жолдошум Өмүрбек Касенов ошол дарыгердин айдоочусу болуп 18 жыл иштеген. Бизди тагдыр ишибиз аркылуу кошту эле. Экөөбүз 4 балалуу болдук. Бир эркек үч кыздын ата-апасыбыз. 14 неберебиз бар. Уулубуздун атын жолдошум ошол дарыгердин атынан Мустафа деп койгон. Уул-кыздарыбыз турмуштан өз ордун таап, бактылуу жашап жатышат.

- 40 жылдан ашуун иштеп келе жатыптырсыз, сыйлыктарыңыз болсо керек?
- Талды-Суу айыл өкмөтүнүн, райондук, облустук грамоталар, ар кандай семинарларга катышып алган сертификаттар бар. Кудайдын көзү түз болсо сыйлыкка да жетээрбиз, азыр ушул ооруну жеңип кетсек биздин чоң сыйлыгыбыз ошол болгону турат. 

Маек курган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter