У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жамиля Чынгышова, реаниматолог: «Жакындарыӊарды сактай албай калганыбыз үчүн бизди кечиргиле …»


Акыркы учурда дарыгерлердин дарегине карата сындар айтылып, «Дарыгерлер жакшы карабай жатат, кабыл алышпай койду, «Гансиде» реанимациялык блок ачылбаптыр, ал жерде жасалма дем алдыруучу аппараттар жок экен, медициналык жабдууларды премьер-министр келгенде көргөзмө катары алып келип кайра алып кетти»-деген сыяктуу пикирлер коомчулукта көп айтылып, элдин нааразычылыгын жаратууда. Мына ушул сөздөргө жооп алуу максатында «Ганси» обсервациясында ачылган 50 орундуу реанимациялык блокту жетектеп жаткан Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын «Анестезиология, реанимация жана күчөтүлгөн терапия» кафедрасынын башчысы Жамиля Чынгышовадан маалымат алдык. 
 
- Жамиля Амановна, суроону «Гансидеги» реанимациялык блоктон баштасак, азыр кандай иштеп жатат, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар коюлганбы, дары-дармектер жетиштүүбү?

- «Ганси» обсервациясына 50 орундуу реанимациялык блоктун ачылганы биздин чоӊ жетишкендигибиз болду. Бул блок канча адамдын өмүрүн сактап калганын айтсам, көрбөгөн адамдар ишенбейт. Реанимациялык бөлүм болбосо биз дагы көп адамдарды жоготуп алмакпыз. Болгон күч-аракетибизди жумшап, 3-күндүн ичинде ушул бөлүмдү ачып, зарыл болгон бардык медициналык жабдуулар менен камсыз кылдык. Жандандыруу бөлүмүн ачууга мамлекет, дарыгерлер күнү-түнү чуркады. Эми реанимациялык блоктун иши боюнча айтсам, азыр биз ишти көзөмөлгө алып жолго коюп алдык. Реанимацияда баары бар, оор абалдагы бейтаптарга жардам берүүгө алардын өмүрүн сактап калууга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Абдан оор абалда, өпкөнүн 90 пайызы жабыркаганда келген ооруларды сактап калууга мүмкүн болбой жатат. Кээ бир жарандарыбыз жардамга кеч кайрылып жатышат. 

- Ооруканаларга барсак орун жок, дарыгерлер карабайт, кабыл алышпайт, орундарга өздөрү ээлик кылып алышкан деп наарызы болгондор да көп болуп жатат. Бош орундар барбы, келген бейтаптарды эмнеге кабыл албай жатасыздар?

- Чынында башында, ооругандар, оор абалда кайрылгандар көп болду. Ал кезде көп нерсе даяр эмес эле. Реанимациялык блок ачыла элек, жасалма дем алдыруучу аппараттар, медиктердин коргоочу кийимдери жетишсиз болчу. Ошол кезде оор абалда келген бейтаптарды биз сактап кала алган жокпуз. Колубузда эч нерсе жок болсо биз аларды кантип сактайбыз. Жакын адамдарын жоготкондорду түшүнүп турам, бирок айла жок, бизге да оор болду. Адамдар өлүп жатса биз кантип кара тура берели, бизде да жүрөк бар. Ар бир өмүр бизге кымбат. Аларды сактап калууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Кээде ажалга арачы боло албайсыӊ, андайда кантмек элек, биздин колдогу иш болсо баарын аман сактап калып, айыктырып үйүнө чыгарбайт белек… Ал эми орун боюнча айтсам, азыр бош орундар жок. Ооругандар көп. «Гансиде» 600 орун бар. Баарында бейтаптар дарыланып жатышат. Реанимациялык блокто дайыма бош орундарды кармап турабыз. Себеби бул жерде дарыланып жаткан бейтаптардын абалы оорлошуп кетсе, дароо реанимацияга которобуз. Реанимацияда орун жок деп алардын өлүп калышына жол бере албайбыз. Кээде жакшы эле турган бейтаптардын абалы кескин начарлап кеткен учурлар кездешип жатат. Ошондой учурда бош турган реанимациядагы орунга жаткырабыз. Муну туура түшүнүш керек. Бош орунду көрүп калса эле өзү ээлик кылып алыптыр деп айта берүү туура эмес. Ошол бош орундар айрым учурда жардамга муктаж, оор абалда келген адамдардын өмүрүн сактап калып жатат. 

Ушул учурдан пайдаланып элди сабырдуулукка чакырат элем. Урматтуу элим, биз сиздердин өмүрдү сактап калуу үчүн баарын жасап жатабыз. Өз өмүрүбүздү, жакындарыбыздын ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып силердин ден соолук үчүн күрөшүп жүрөбүз. Сиздерден сураныч дарыгерлерди сөгүп, каргап, жерге тебелебегилечи! Азыр бизде дарыгерлер жетишсиз, 5-6-курстун, даярдоо курстагы жапжаш балдар-кыздар оору менен алышып, адам өмүрүн сактап калуу үчүн от кечип жүрүшөт. Алар жаш, дарыгерлердин дарегине айтылган сындарды көтөрө алышпай, маанайлары түшүп, көӊүлдөрү ооруп жатат. Келгиле, жөн гана моралдык колдоо кылып, жаш өмүр сакчыларына дем-күч болуп берсеӊиздер. Ооба, көп жоготуу болду. Жакындарын жоготуп, жаны сыздап, аза күтүп жаткандарга тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтам. Кечирим сурайм, силердин жакындарыӊарды сактай албай калганыбыз үчүн бизди кечиргиле…

 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter