У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент өз ыктыяры менен обсервацияда иштеп жатып каза болгон Адинайдын үйүнө барды


Бүгүн, 16-июлда президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММА студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу президенттин жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

"Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам", - деп белгилеген президент, маркум Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.

"Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин", - деди Жээнбеков.


Жээналиев Замирбек менен Молдокулова Дилбардын Адинай менен 4 кызы бар эле. Айгерим жана Бегимай студенттер, Жанель мектеп окуучусу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter