У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоо. Фейк-троллдорго күнү түшүп алдастаган бийлик…


Дүйнөнү каптаган Ковид-19 илдетинен Кыргызстан өзгөчө жабыр тартып жатат. Албетте, буга бийлик башындагы төбөлдөрдүн өз учурунда жеткиликтүү даярдык көрүшпөгөн шалаакылыгы себеп болду. 

Мына учурда өлкө экономикасы кургуйга кулап, бюджет 35-40 миллиард сом жоготуп, алты айдагы ички дүӊ өндүрүмдүн көлөмү болгону 196 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырганда 6,9% азайды. Улуттук статистика комитети маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 590 млрд. сомду түзсө, быйыл Экономика министрлиги болжогондой 530-550 млрд. сомго араӊ жетиши мүмкүн. 

Мындан улам, Ковид-19 илдети менен күрөшүү үчүн сырттан алынып жаткан 646 миллион доллар карыздын, өлкөгө келген 300 миллион долларынын 95% бюджетке кириштелип (жеп-ичкенге) айлык, пенсия, пособия болуп таратылып кетти. 

Тилекке каршы, илдеттин экономикага тийгизген таасири муну менен токтобойт. Канчалаган ишканалар иштебей миллиарддаган сом казынага түшпөй калды. Чек аралар жабык болгондуктан бажыдан киреше кирбей, ири көлөмдө зыян тартып жатабыз. Быйылкы оорчулуктан улам 50 миллиард сомго чейинки тышкы карызды төлөө мөөнөтү кийинки жылга жылдырылды. Казына калдырап бош. Кийинки жылга минус менен чыкканы турабыз. 

Андыктан тышкы карызды төлөө, пенсия, айлык, пособия берүү, элди жетиштүү дары-дармек, медициналык керектүү жабдуулар менен камсыздоо маселеси күндүн курч көйгөйү бойдон калууда. Демек, жыл жаӊырган соӊ февраль-март айында пенсия, айлык өз убагында берилбей калуу коркунучу күч. 

Ушундай шартта, эл ооруудан кыйналып, өлүм-житим күч болуп турганда жарым миллиард сомдон (547 миллион сом) ашык каражат коротуп шайлоо өткөрүү орунсуз экенин саясий партиялар, жарандык коом какшап айтып жатышат. Ал түгүл, эгер бийлик элдин үнүн укпаса, шайлоого байкот жарыялоого чакырык жасалууда. 

Анткени, шайлоого чейин саясий партиялар съезддерин өткөрүүдө, үгүт иштерин жүргүзүүдө, добуш берүү учурунда эл көп жыйналып, ооруу жуктуруп алуу кооптуулугу жогору болот. Бул дегендик, дары-дармек, керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кыла албай жаткан бийликке какаганга муштаган болбосо, ийгилик алып келбейт. Ушул нерсени ашмалтайлар түшүнүбөй жатышканы өкүндүрөт. Образдуу айтсак, суу куйбагын көӊдөйгө болууда. 

Бирок, бийлик өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык оор абалга карабастан шайлоону өткөрүп, басмайылы бошоп калган абалын бекемдегиси келүүдө. Коомчулук болсо элдин үнүн укпай жаткан бийликтин арсыз, акылсыз кадамдарына өтө нааразы. 
Себеп дегенде, пандемия башталып күнүнө 30-40 адам ооруп, өлүм-житим жок кезде,  2020-жылдын 12-апрелиндеги 30 жергиликтүү кеңешке болчу шайлоону (алардын ичинен - 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу) жылдырып салган БШК, бүгүнкү күндө күнүнө 40-50дөн адам өлүм, 400-500 киши ооруу жугузуп, илдет күч алып жатканда Жогорку Кеӊешке болгон шайлоону жылдырбай өткөрүүгө жандалбастап жатканы эмнени каӊкуулайт? Бийликке элдин саламаттыгы, өмүрү баалуу эмес, бийлик, мансап маӊыздуубу? 

Сыягы, бийлик үчүн элдин ден соолугунан дагы мансап кумары жогору турат окшойт. Ошондон уламбы, шайлоону жылдыруу сунушун айткан Жанар Акаев, Рыскелди Момбековду социалдык тармактарда фейк-троллдор аркылуу болушунча каралап, суу кечпеген ушактар менен жаманатты кылууга болгон аракеттерин жумшап эстери ооп жатышат. 

Ал фейктер президенттин колтугуна башын каткан бийликчил партиялардын акчага жалданган троллдору экени бегилүү... Алардын болгон мээси, акылдары бири жаманатты кылып пост жазып, калганы чуулдап каралап комментарий жазганга гана жетет. Эмне жазып жатышканын өздөрү деле түшүнүшпөйт. Фейк-троллдордун командири берген «фас» деген буйрукту аткарышып, көрүп-көрбөй үргөн үйгүшкөн иттердей эле арсылдашат. Буларды башкача сүрөттөө мүмкүн эмес. 

Арийне, бийлик канчалык шалга айланып, багытын, кадырын жоготкон сайын, өз көлөкөсүнөн өзү коркуп, былгытма, иритме, сасык саясаттан көтөрүлө албай, өз богуна өзү оонап, өз жугундусун өзү ичип калат тура. 

Алмаз Темирбек уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter