У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Театр маданиятынын чолпон жылдызы Жыргал Көбөгөнова дүйнө салды

Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. КР эмгек сиңирген артисти, залкар талант Жыргал Көбөгөнова пневмониядан улам көз жумду. Бул тууралуу кесиптештери маалымдашты. 


Жыргал Көбөгөнова  1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой (с.Долинка) айылында төрөлгөн. Ал эки залкар таланттын эрке кызы эле. Атасы КР эл артисти Абдыашым Көбөгөнов, апасы Сайрагүл Балкыбекова  кыргыз маданияты үчүн ат көтөргүс эмгек кылган инсандар эле. 
Жыргал Көбөгөнова 1954-жылы Бишкек шаарынын №2 орто мектебинде окуй баштайт. 4-класста окуп жүргөндө, Пионерлер Сарайында бий кружогуна катышып жүрүп, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын декадасында, Сапарбек Кабеков менен Нурдин Тугеловдордун жетекчилиги астында «Пахта бийин» бийлеп келген. Ошондо Жыргал болгону 10 жашта болчу.
 8-класстан баштап, башкача айтканда  1963-жылы «Союз-госцирктин» Бишкектеги Цирк өнөрү студиясында машыгып жүрүп, 1964-жылы Кыргыз цирки ачылганда «Алгачкы карлыгачтардан» болуп, аба гимнастынын ролун аткарып, цирктин чамгарагында чарк айланып бийлеген.


 Жыргал Көбөгөнова 1971-жылы Нурдин Тугелов, Сапарбек Кабеков алгач уюшулган «Бий ансамблине» бийчи жана алып баруучу катары чакырышат.
 Бий ансамбли менен Союздун бүт булуң-бурчуна, чет мамлекеттерге барып, Күнөстүү Кыргызстандын искусствосун пропагандалап келет.
 Ошол кездеги министр Күлүйпа Кондучалова Трусковецте өткөн концертте Жыргал Көбөгөнованын үн-тембри, апасы Сайракүл Балкыбекованын үнүнө өтө окшош экенин баамдап, атасы Абдыашым Көбөгөновго: «Драмалык жөндөмү күчтүү кызыңыздын багын байлабай, Оштогу жаңы ачылып жаткан драма театрына жибериңиз. Москвадан жаңы бүтүп келген теңтуштары менен иштесин» -дейт.
 1972-жылдан баштап, Ош областтык драма театрында актерлук кесипти аркалап, ийгиликтүү ролдорду жаратат.
 Алар К.Жантөшевдин «Курманбегинде» -Гүлгаакы, А.Токомбаевдин «Күндүн чыгышында» -Госпожа, А.Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусунда» -Жуман, Б.Өмүралиевдин «Жүз катын» спектаклинде –Тоголок келин жана башка эсте калаарлык образдар болуп саналат.

 1974-жылы Кыргыз Академиялык драма театрына которулуп азыркы күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. Ошол мезгилден баштап жараткан көрүнүктүү ролдору:
1. К.Маликов «Бийик жерде» -Аня
2. К.Маликов «Осмонкул» -Мария
3. А.Осмонов «Махабат» -Тентек кыз
4. К.Эшмамбетов «Эгиз бала» -Керез
5. Ш.Садыбакасов «Ак боз ат» -Лайлун
6. М.Саркисян «Бейиш макулуктары» -Зетор
7. М.Касенов «Алда жаш жубайлар ай» -Бану
8. М.Байжиев «Байыркы жомок» -Нурлан
9. С.Ахмад «Келиндер козголоңу» -Нигора
10. А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» -Жуман
11. Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» -Кишимжан, Бакдөөлөт
12. Ж.Садыков «Сейтек»  -Нөөкөр кыз
13. А.Цагарели «Ханума» -Кабато
14. А.Аксы «Махабат жана өлүм» -Айбарча
15. Т.Абдумомунов «Жоройбайдын жоруктары» -Кемпир
16. Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» -Алтынай
17. Э.Эрматов «Жаңыл мырза» -Энеси
18. У.Шекспир «Гамлет» -Герцог Иорский
19. С.Ахмад «Күйөө бала» -Аназират

1997-жылы Кыргыз театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн Ж.Көбөгөновага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жогорку наам берилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter