У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтият кырдаалга байланыштуу түлөө өткөрдү


Түлөө өткөрүп, жараткандан жакшылык тилөө илгертен келе жаткан жөрөлгөбүз эмеспи. Бишкектеги борбордук мечитте муфтият тарабынан учурда ооруп жаткандардын сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалынып, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Ага муфтий Максатбек ажы Токтомушев катышып, өз сөзүнда мындай түлөөнү бардык облустарда өткөрүүнү ниет кылып тургандарын айтканы маалымдалат.

"Түлөө - каада-салтыбызда да, динибизде да кыйынчылык учурда өткөрүлөт экен. Баарыбызга жакшы күндөр, жакшы сааттар насип этсин! Коронавирус, пневмония бардык оорулар башыбыздан узак болсун. Дубалар кабыл болсун" , - деген муфтий.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter