У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мусабаева: "Балыкчы шаарында абал туруктуу. Көчөдө кулады делген бала кадимки сасык тумоо менен ооруп жатат"


Күн мурун социалдык тармактар аркылуу Балыкчы шаарындык ооруканасынын алдында кезектин көптүгүнөн эл кыйналып, дарыгерлерге кире албай, айрымдары көчөдө кулап жатышат деген видео тараган.




Аталган видеодогу айтылгандар тууралуу Балыкчы шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Дамира Мусабаева жооп берди. 

«Азыр дарыгерлердин көпчүлүгү ооруп жатышат, бирок бейтаптарга такыр кызмат кылбай коюу деген нерсе жок. Дарыгерлер бейтаптарды кабыл алууну улантышууда. Клиника кадимкидей иштеп жатат, бизде баары жакшы», - деди ал.
 
Дамир Мусабаева оорукананын имаратынын жанындагы кезектин чоңдугун  жакын жайгашкан райондордун клиникаларында жабдыктардын жоктугу менен түшүндүрдү. Анын айтымында, флюорографиядан өтүүнү каалагандардын бардыгы аталган ооруканага барышат.
 
«Балыкчынын гана эмес, Тоң, Ысык-Көл, Кочкор райондорунун тургундары да өз клиникаларында флюороскопиялык шаймандардын жоктугунан биздин ооруканага келишет. Ошондон улам мындай узак кезек пайда болот ”, - деди директор.

Ошондой эле видеодо кыйналып жатат делген бала кадимки сасык тумоо менен ооругандыгын кошумчалады.

"Ал жигит курч респиратордук вирустун инфекциясы (ОРВИ) менен жабыркаптыр. Учурда абалы жакшы. Дарыгерлердин көмөгү менен дарыланып жатат" дейт башкы дарыгер. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter