У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлнур Асанова: «Азыркы оор абалда жардам болсун деп өзүмдүн атымдан 100 миӊ сом котордум»

Гүлнур Асанова «Мээримдүү энелер» кайрымдуулук жамаатына 100 миң сомду которду. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды. 

«Мындай апаат менен жалгыз эле биз эмес, бүткүл дүйнө күрөшүп жатат. Кыргыздын кызы катары мен дагы өз салымымды кошууну туура кордум. Мындай учурда четте карап туруу мүмкүн эмес.  Ушул апаат башталганда муктаждарга чын ыхласым менен кол сунуп келдим, дагы да жардам берүүнү чечтим. Өзүмдүн атымдан 100 000 сом «Мээримдүү энелер» кайрымдуулук жамаатына котордум. Бул кайрымдуулук жамааттын 3 жылдан берки жакшы иштерди кылып келе жатканын көрүп, ыраазы болчумун. Мына ушул жамаат буйруса видео отчет кылып берет. Өзүм ден соолугума байланыштуу бул жүрүшкө кошо бара албай турам. Ооруу менен күрөшүүгө туура келип жатат. Туур түшүнөсүздөр деп ойлойм. Менин элиме кылган жардамым ушул, колумдан келгени. Ооругандарга Аллахым шыпаа берсин!  Бул күндөр да өтөт. Баардыгыӊыздарга ден соолук каалайм»-деп жазган ырчы. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter