У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт башчы эмгек өргүүсүндөгү бардык медкызматкерлерди жумушка чыгууга чакырды

Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин жумушка чакыртуу керек. Бул тууралуу 8-июлда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 
 
«Эс алуу баарыбызга керек. Бирок учурдагы кырдаал чечкиндүү кадамдарды талап кылып жатат. Вирус жуктуруп алган, ооруп жаткан медкызматкерлер дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Ал эми эмгек өргүүсүндөгү медцина кызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш»- деди премьер-министр. 
 
Статистикага таянсак өлкө боюна дарыгерлердин саны 14 миӊге жакын, ал эми орто медициналык персоналдын жалпы саны 35 миңдин тегерегинде.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter