У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда 5G технологиясы орнотулган эмес


Бул тууралуу 8-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
 
«Кыргызстандын аймагында 5G технологиялары жок. Социалдык түйүндөр аркылуу тарап жаткан 5G технологияларынын жабдыктары адамдын ден соолугуна зыян келтирет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Радиотолкундар вирустун таратуучусу боло албайт. Белгилей кете турган нерсе, байланыш операторлору Байланыш агенттигинин уруксатысыз мындай жабдыктарды орното албайт»,-деди комитет. 
 
Акыркы күндөрү эл арасында 5G антенналары вирус жайылтат экен деген сөз тарап, 5G антенналарын өртөөгө, жок кылууга чакыргандардын саны өсүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter