У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бааларды негизсиз жогорулаткан фарм-компаниялардын жетекчилерине иш козголду

 Эконмикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы өлкөдөгү бир нече ири фарм-компаниялардын жетекчилерине карата сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
 
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы дары-дармектерди жана коргонуу каражаттарынын кымбатташына каршы рейд жүргүзүү учурунда дарыларды негизсиз кымбаткан фактыларды аныктаган. Ошондой эле аталган кызматтын дарегине “Коорупцияга каршы коому” жана “Демилгелүү жаштар борбору” да дары-дармектерге болгон баанын жогорулап жатканы боюнча даттануу менен кайрылган. Бул билдирүү боюнча териштирүү иштери башталды. 
 
“Дары-дармектерди кымбат сатып жаткан дарыкана ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кээ бирлери бааны дары ташыгандар жогорулатып жибергенин айтышууда. Биз бул боюнча толук текшерүү жүргүзөбүз. Мыйзам бузган фарм-компаниялардын жана дарыканалардын аталышын жарыялоо чечимин кабыл алсакпы деп жатабыз. Дары-дармектерди кимдер кымбаттатып жатканын эл билиши керек», — дейт Финпол.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter