У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


78 медкызматкер вирус жуктурду, эки кызматкер каза болду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды,12 кызматкер айыгып чыкты.  Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
 
Каза болгон медкызматкерлердин бири Ош шаарында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери, экинчиси – Ысык-Көл облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы, педиатр. Санэпидкөзөмөл мекемесинин кызматкери 62 жашта болчу. Ал Ош облус аралык ооруканасында дарыланып жаткан.  Ал эми Ысык-Көлдөгү педиатр облустук ооруканада дарыланып жаткан. Ал 61 жашта болгон. 
 
 
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 вирусу 1225 медицина кызматкеринен аныкталып, алардын 515и айыгып, алты кызматкер каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter