У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чоңдугуна салып тааныштарын жаткырып...Дарыгердин жетекчиликке нааразы болгон видеосу чыкты


Кудай ооруну башка салбасын. Мындай курч кырдаал жарала электе эле өлкөдөгү медицина тармагы абдан оор болуп келген. Кандай кыйынчылык болбосун күнү-түнү иштеп, өмүр сактайбыз деп жан үрөп жаткан дарыгерлерге алкыш. Ошентсе да буга чейин чоңдугуна салып, жөнөкөй жарандар үрүл-баралдан барып кезек күтүп отурганына карабай, кезектеги кары-жаштын башын аттап, таанышы барлар сүзө качырып дарыгерге кирип кеткен учурларды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Мына ушул жаман сапат учурдагы оор кырдаалда да калбаганы жүрөк оорутат. Мындай көрүнүш дале болуп жатканын, бейтаптар өтө оор абалда келгенине карабай айрым оорканалардын жетекчилери бош орундар турса да кабыл албай, өз жакындарына орундарды берип жатканын Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын дарыгери Доолот Ибраимов айтып чыкты. 
 
Дарыгердин айтымында, адистердин жетишсиздигинен кесиптештери ооруп жатышат. Мындан тышкары ооруканада жеке коргонуу шаймандары жетишсиз. Мындай катаал шартта иштеп жаткандарына карабастан башкы дарыгер өз тааныштарына жан тартам деп жөнөкөй жарандарды кабыл албай, кимди ооруканага кабыл алып, кимди албаш керектигин айтып, дарыгерлерге тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады. 
 
"Башкы дарыгер бизге бир нече фамилияларды жазып жиберет, ооруканага кимди жаткырып, кимди кабыл албашты көрсөтөт. Бул учурда адамдар босогодо өлүшөт. Бардык кызматкерлер, дарыгерлер, медайымдар чындыкты айтышпайт, анткени алар жумуштарын жоготуудан коркушат. Биз сизди жек көрбөйбүз - биз өз ишибизди профессионалдык түрдө аткарабыз. Сиз эч качан кызыл зонага кирген эмессиз, эгер ал жакта эмне болуп жаткандыгын билбесеңиз, анда биздин ишибизди кандайча өзгөртө аласыз? " - дейт Дөөлөт Ибраимов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter