У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Педагог, журналист, жеке ишкер...Эмгекти сүйгөн Чыныбай Турсунбековдун өмүр баяны


Күтүүсүз келген бул апаат жаш-кары дебей баарын чалгы менен чапкандай кулатып жатканы адамдын зээнин кейитүүдө. Тилекке каршы кыргыздын чыгаан уул, кыздары да каркырадай тизилип арабыздан узап кетишүүдө. Ажалга арга барбы, кечээ, 6-июлда Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековду да колубуздан жулдуруп жибердик... Ал пневмониядан улам жакшы боло албай, жарыкчылык менен кош айтышты. Чыныбай Акуновичтин ары кызыктуу, ары түйшүктүү, ары майнаптуу өмүр жолу менен таанышыңыз...

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985-1988-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштериинистрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.
1989-1992-жылдары – КУМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;
1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;
1995-1997-жылдары – Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси; “Манас-1000” мамлекеттик комитетинин алдындагы “Манас дастаны” филиалынын директору; Түркия боюнча “Азаттык” радиосунун кабарчысы.
1997-жылдан 2010-жылга чейин:
- “Акун” ЖАКтын башкы директору;
- “Бишкек ун комбинаты” ААКнын башкы директору;
- «Кереге» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы;
- Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти;
- Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы.
2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көпчүлүк коалициясынын жетекчиси;
2016-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Алган сыйлыктары:
• 1999-жылы “Жылдын мыкты бизнесмени” наамын жеңип алган;
• 2000-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
• 2003-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.
• Филология илимдеринин кандидаты;
• Пицундада өткөн (1989) Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты.
• СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер Союздарынын мүчөсү.
• Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги.
• «Жүрөктөгү жаңырык» (1985), «Шаарда жоголгон сөз» (1993), «Жалын тоо» (2014) деген үч поэтикалык жыйнактын автору.
• «Манас» эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу.
• Түрк тилинен кыргызчага Нихат Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын жана, «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» аттуу эки томдукту которгон.
• Мезгилдүү басма сөздө ар түрдүү адабий жана сын макалалары жарык көргөн.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter