У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жээнбеков: "Азырынча өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек"


Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков азырынча өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала электигин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жээнбеков жер-жерлерге киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү жарандар жана экономикалык субъектилер сөзсүз аткарышы керектигин баса белгилеген.

"Оору менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчилик чоң мааниге ээ. Кырдаал жөнөкөй эмес, оор экенин моюнга алабыз. Ар бир муунга түрдүү кырдаал менен кагылышуу буйруган. Аталар, чоң аталар Улуу Ата Мекендик согуштун азабын көргөн. Эми биз оору менен күрөшүп жатабыз. Дартты жеңүү үчүн өлкөнүн ар бир жараны жоопкерчиликти так аткарышы абзел. Бул жоопкерчиликтер өтө жеңил. Болгону аралыкты, эрежени сактап, адистердин айткандарын жасаш керек", — деген өлкө башчы.



 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter