У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖРТ тапшырганга жетише албай калгандар үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берилди


Айрым бүтүрүүчүлөр ар кандай себептер менен Жалпы республикалык тестке белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандыктан, кечиктирилген тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кечиктирилген тест тапшыруу 13-14-июлда Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Тестке каттоо (кайрадан каттоо) 6-10-июлда төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
  • Бишкек шаарында — №24 мектеп-гимназиясында. Дареги: Тыныстанов көчөсү, 110
  • Ош шаардык билим берүү башкармалыгында (Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 308)
Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат.
Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калса жана анын катталган номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш.
Мындай абитуриенттер 3-форманы (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин милдеттүү түрдө алып келиши керек.
2020-жылы жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер кайра катыша албайт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter