У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абалы оор. Ташиев эки тараптуу пневмониянын оор түрү менен ооруп жатат


Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин абалы оор экени айтылды. Буга Ташиевге таандык делинген Регион каналынын журналисти Откурбек Рахмановдун маалыматы себеп болууда. 

«Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, азыр эле уулу Тай-Мурас Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин»,- деп жазды ал социалдык тармактагы жеке баракчасында.

Маалыматтын анык экенин саясатчынын уулу Тай-Мурас  тастыктаганын, Ташиевге эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлганын жана абалы оор экенин маалымат булактары жазышууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter