У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ооруканалар албай, 4 күндүн ичинде пневмониядан көз жумган 26 жаштагы кыздын агасы кайрылуу жасады


Бишкек шаарынын Таалайбек Шайымбеков аттуу жашоочусу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайгысын бөлүштү. Ал учурдагы оор абалды айтып, бийликке нааразычылыгын билдирди. 

"Биз башыбыздан өткөргөн окуяны ачыктагандан кийин, саламаттыкты сактоо тармагында бир аз жылыш болсо деген тилек", - дейт ал.
Төмөндө Шайымбековдун карындашын жоготуп алганга чейин көргөн аракеттери баяндалат:

"Менин карындашым Шайымбекова Кундуз, 1994-жылы туулган. Ушул жылдын 30-июнь күнү өпкөнүн эки тараптуу пневмониясынан 10 гүлүнүн 1 гүлү ачыла элек, кырчындай жаш кезинде менин бир тууган эң кенже карындашым дүйнө салды.
Бардыгы 24-июнь күнү башталды! Карындашым адаттагыдай жумушунан үйгө келип, эс алганы жаткан. 2-3 саат уктап, кечки саат 21:00дө алы жок, башы ооруп, дене мүчөлөрүм ооруп жатат деп ойгонду. Аны биз сасык тумоо катары баамдап, ага каршы дары ичип кайра эс алып жаткан. Эртеси 25-июнь күнү баш оорусу басылып, дем алуум оор болуп жатат дегенинен биздин аймакка караштуу поликлиникага эртең менен саат 9дарда терапевтге алып келдим. Ал жактан дене табың нормалдуу, сен үйдөн эле дарыланасың деп бизди кабыл албастан, эшиктен эле антибиотик, вируска каршы дарыларды жазып берип кетиришти.
26-июнь күнү карындашымдын акыбалы оорлоп баштады. Дем алуусу кыйындап, оорусу күчөй баштады. Мен "Тез жардам" унаасын чакырсам, 1 сааттан кийин келишти. Аларга карындашымдын акыбалы оорлоп жатканын айтып, тез арада ооруканага жаткыруу керектигин айтсам, алар менин сөзүмдү четке кагып, үйдөн эле дарыланасыңар деп валерьянка берип кетип калышты.
Андан кийин бир саат өтпөй, карындашым мага телефон чалып, менден тез арада үйгө келүүмдү өтүндү. Мен үйгө келгенимде акыбалы мурдагыдан да начарлап кетиптир. Мен аны тезинен унаама салып, Фучиктеги ооруканага алып жөнөдүм. Ал жактан карындашымдын абалы оор экенине карабастан, орун жок деп кабыл албай коюшту. Мен эмне кыларымды билбей, Республикалык ооруканага алып бардым. Ал жактан терапевт бөлүм карантинде экенин айтып, жүрөгүнүн согуусун, кан басымын текшерип жөн гана тамчылатма дары берип, баары жакшы эле экен деп бизди Урология борборуна баргыла деди.
"Барып анализ берип көргүлө, бир аз шишип калыптыр, бөйрөктөрү иштебей жатышы мүмкүн", - дешти. Ал жактан да анализ берип, бөйрөктөрү жакшы деген жыйынтык алдык. Ошентип кайра үйгө жөнөдүк. Үйдөн кайра "Тез жардам" чакыртсак, баягыдай эле сөздөрдү айтышты!
ПЦР-анализ жок ооруканага жаткырбайбыз, акыбалы силерден да оорлору көп. Силер үйдөн эле дарыланасыңар деп кайра бир укол жасап кетип калышты.
Эртеси, 27-июнь күнү үйдөн карындашыма тамчылатма уколду жеңебиз коюп берип жатты. Андан кийин абалы бир аз жакшыргансып калды.
Бирок 28-июнга караган түнү карындашымдын акыбалы начарлап, эсин жоготуп баштады! Мен түнкү саат 1де туугандарыбызга чалып, карындашымды унаама салып ооруканага жөнөдүк. Эң биринчи эле Фучиктеги ооруканага барсак ал жакта эл толтура! Оорукана толуп калды деп эч кимди кабыл албай, эшиктен эле кууп жатышты. Карындашымдын эриндери көгөрүп, дем ала албай жатканын көрүшсө да бизди кабыл алышпады. Андан чыгып эле кайра Республикалык ооруканага барып, өпкөсүнө рентген тарттырдык. Аны терапевт көрүп, өпкөсүндө эки тараптуу пневмония бар экенин айтып, бизди тезинен Улуттук госпиталга жиберишти. Бизди ал жактан да эшиктерин жаап кабыл алышпады. Бул жакка ПЦР-анализ менен гана алабыз дешти. Биз ал жактан чыгып, айлабыз кеткенде Чүй облустук ооруканасына жөнөдүк. Ал жакка барсак аларда обсервация жок экенин айтышты. Бизди Кантка, Сокулукка же Воронцовкага барышыбыз керек экенин айтып, Канттагы ооруканага багыттама жазып беришти.
Ошентип таңкы саат 04:00дө Канттагы ооруканага жетип барып, карындашымды оор деп баалап түз эле жандандыруу бөлүмүнө жасалма деп алдыруучу аппаратка кошушту да, биздин мындан ары бул жакка кире албастыгыбызды айтышып, эшикке чыгарып коюшту. Биз телефондон гана карындашымдын абалын билип жаттык. Абалын туруктуу оор деп жатышты. Айлам кеткенде дарыгерлерге акча берейин деп 30-июнь күнү Канттагы ооруканага баратканымда, мага белгисиз номерден телефон чалып суук кабар угузушту!
"Уктуңар беле? Карындашыңыз бүгүн саат 08:00дө каза болду" деди чоочун үн. Менин болгон дүйнөм токтоп, "эмне, эмне дейсиңер, алоо, алоо" десем кайрат кылгыла деп байланышты өчүрдү. Ошентип бир боорумдан бир заматта айрылып калдым!
Ким бейтапты ПЦР-анализсиз кабыл алынбасын деген чечимди чыгарды?
ПЦР-анализди биз ооруп баштаган күнү эле тапшырганбыз, ал да 4-5 күндө чыгат экен. 4-5 күндө карындашымдын акыбалы саат сайын оорлоп, аягы эки тараптуу пневмонияга алып келди. 
Муну менен эмне айтмакчымын, биздин бийлик, биздин өкмөт, биздин парламент, силердин шалаакылыгыңардан, алсыздыгыңардан, сабатсыздыгыңардан ушундай жаш өмүрлөр саат сайын өчүп жатат. Эмне үчүн эч даярдык көргөн эмессиңер? Эмне үчүн ИВЛ аппараттар, медикаменттер жетишсиз? Январь айында башталган пандемияга эчак даярданып, баарын алдын алууңар керек болчу. 
Эми баарын тезинен колго алгыла. Эгерде кимде-ким ооруса, тезинен аракет көргүлө. Биздин үй-бүлөнүн кайгысын эч кимге каалабайм" дейт кыздын жаны ачыган бир тууганы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter