У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кожобек Рыспаев:"Хабиб, чыйрал! Абдулманап Нурмагомедовду да коронавирус алып кетти"


Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовго көңүл айтты. 

"Абдулманап Нурмагомедовду да коронавирус алып кетти. Хабиб, чыйрал!Силер чыныгы ата-бала мамилесинин мисалы боло алдыңар!
Коронавирус забрал и Абдулманапа Нурмагомедова. Крепись, Хабиб! Вы стали образцом отношений отца и сына!"
дейт эл өкүлү. 

Интернет колдонуучулары эл өкүлүнүн бул айкөлдүгүн катуу сынга алып жаткан убагы. Алардын көбү: "Кыргызстанда күнүгө канча киши каза болуп жатса эл өкүлү каяктагы Хабибке көңүл айтат турбайбы", - деген өңдүү нааразы пикирлерин калтырышууда.

Эскерте кетели, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго таянуу менен орус маалымат булактары жазып чыгышты. 

Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Уулу жана окуучусу Хабиб анын абалы оор экенин айтып келген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter