У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Далай кыздардын арзуусуна айланган Бурак Өзчивит


“Дүйнөнүн мыкты модели болгон...”
Далай кыздардын жүрөгүн   “Түбөлүктүү сүйүү” тасмасындагы Кемалдын образы аркылуу  ээлеген түрк актеру Бурак Өзчивит  1984-жылы 24-декабрда Стамбулда төрөлгөн. Ал карьералык тепкичин моделдиктен баштаган.  2003-жылы «Түркиянын мыкты модели» наамын алып, 2005-жылы «Дүйнөнүн мыкты модели» сынагында 2-орунду алган.  Көпчүлүк актёрду «Даңазалуу доор» , «Боз торгой» сериалдары аркылуу таанышат. Ал Стамбулдагы Мармар университетиндеги кино факультетин аяктаган. 2003-жылдан 2007-жылга чейин модельдик бизнес менен алектенген. 2006-жылдан баштап, кино жана телекөрсөтүү тармагында иштей баштайт. 
 
“Атасы өзүнүн ордун басса дечү...”
Бурак эки гана бир тууган. Бала чагында атасы жеке ресторан иштетсе, апасы үй кожойкеси болгон. “Кичинемде абдан жоош, эч кимге зыяным тийбеген бала болчу экенмин. Эсимде, күн кечке телевизорду тиктеп, мультфильмдерди кызыгуу менен көрчүмүн. Өзүмдү мультфильмдердеги каармандардай элестетээр элем. Моделдикке болгон кызыгуум бала кезден калыптанса керек”, - дейт ал жергиликтүү басма сөздөрдүн бирине берген маегинде. Бурак канчалык чыгармачыл чөйрөгө кызыкпасын, атасы анын бизнес менен алектенүүсүн көбүрөөк каалачу. Атасынын мындай тилегин орундатуу үчүн ал “Даңазалуу доор” телесериалына тартылгандан кийин Стамбулдун чок ортосунан “Бали-Бей” аталышындагы ресторан ачкан.  
 
“Даңазалуу доор багын ачкан...”
Аталган сериал анда  роль ойногон бардык чыгармачыл топтун багын ачкан. Алардын арасында Бурактын да дал ушул кино жылдызын жандырган. Сериал ондон ашык мамлекеттин тилине которулуп, өзгөчө ийгиликке жеткен. Жергиликтүү эл, Бурактын айтымында сериалды көргөн соң "Эмне үчүн Султан Сулаймандын кызы Мехримахтын махабатын байкамаксан болдуң, экөөң жарашкан түгөй болот элеңер" деп кейигенин баяндап келет. Чынында Балибей тасмада чыгаан кол башчы, Султандын кызынын көзү түшкүдөй эле каарман. Буга кошумча актер да образды мыкты ачып бергендиги үчүн миңдеген күйөрмандардын арзуусуна айланган. 


 
“Кемаль өлдү деп далай кыз ыйлаган...”
Түрк сериалдары акыркы жылдары өзгөчө популярдуулукка ээ болууда. Өзгөчө эл кызыгып көргөн сериалдардын бири “Түбөлүктүү сүйүү” сериалы. Сериалдагы башкы каармандардын бири Кемаль. Келишимдүү, жоомарт, акылдуу, сүйүүгө бек,  деги койчу, айымдар идеал туткан мырза. Мына ушул идеалдуу мырзанын образын келишимдүү актер Бурак Өзвичит жараткан. Аталган тасма кезинде укмуштуудай популярдуулукка жеткен. Өзгөчө биздин өлкөдө катуу талкууга алынып, элдин көбү сүйгөн сериалга айланган. Тасманын аягында башкы каарман кайтыш болгондо бир топ кыздар кайгырып, атүгүл көз жашы да кылышкан эле.... 


Үй-бүлөлүү, түрк актрисасы Фахрийе Эвженге баш кошкон. Жубайлардын ортосунда бир уулу бар.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter