У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айжан Акылбекова: "Эл менен мамлекет ажырашып кеткен үй-бүлөдөй"


Эл менен мамлекет ажырашып кеткен үй-бүлөдөй. Бул тууралуу жеке ишкер, мурдагы актриса Айжан Акылбекова өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Ал мамлекетти аялы менен ажырашып кетип, өзүнүн коколой башын багып кеткен эркектерге салыштырды. Ал эми элди болсо ажырым жолго түшкөн соң өзүн да, балдарын да эптеп багып күн көргөн аялдарга салыштырды.

"Мамлекет жасачу иштерди көп учурда жарандар өздөрү жасап келет. Эл менен мамлекет ажырашып кеткен үй-бүлөдөй....
Ар кимиси өз алдынча жан баккан...Бирөө кара жанын багат, бирөө жалгыз эптештирип, өзүн өзү, балдарын кошо багат", - дейт ишкер айым. 

Эскерте кетели, Бишкектеги билим берүү борборлордун бири  Акылбековага тиешелүү имаратты ижарага алып иштетишет. Карантин маалында ишкер айым жаштарды колдоо максатында ижара акысын толугу менен алган эмес. Ал эми жайкы төлөмдөрдү 50% арзандатып берген. Бул тууралуу "Интеллект" билим берүү борборунун негиздөөчүсү Жакшылык Матанов жазып чыкты.

"Биз офисти  Айжан Акылбекова эжеден арендага алып иштетебиз. Эжебиз карантин башталгандан бери аренда акысына 1 сом алган жок. Билим берүүгө салым кошуп жатасыңар деп ар дайым колунан келишинче жардамын берип келет. Бүгүн дагы жайкы аренда төлөмдөрүнө 50% женилдетип берди. Аллах сизден ыраазы болсун эже! Оор учурда жөлөк болгон жардымыңызды унутпайбыз!" дейт Матанов. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter