У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт: "Дары-дармектердин баасын негизсиз көтөргөндөр мыйзам чегинде жоопко тартылат"



Өлкөдө COVID-19га байланыштуу кырдаалдын курчуп кеткенинен улам өкмөттүн тапшырмасы менен аймактагы дарыгерлер Бишкектеги кесиптештерине келип, жардам бермей болушту. Ошондой эле илдетке чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштери күнүгө жүргүзүлөт. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында берди.

"Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн, такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар.
Жыйында дары-дармектердин баасы боюнча дагы маселе талкууланды.

"Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири – бул дары-дармектердин баасы. Көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын бааларын кескин көтөрүп жиберишти. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур", - деген өкмөт башчы. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга фармацевтикалык базардагы абалды көзөмөлдөөнү тапшырды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter