У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Урмат Бекболиев: "Анжелика, сөз жок, азаматсың! Өзүң ооруп жатсаң да Кыргызстаным деп жүрөгүң ооруп жатат..."


Ырчы Анжелика өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаалдын курчуп кеткендигине байланыштуу жасалма дем алдыруучу аппарат алууга каражат которуп, муну менен эле тим болуп калбай дагы көп аппарат сатып алууга эсеп ачып, кайрымдуу инсандардын каражат топтоп жаткан убагы. Ошондой эле жеке ишкерлерди, бай адамдарды жардамга кол сунууга, жеке мейманканаларды ооруканага айлантууга чакырып, кайрымдуулук кылууну сунуштап жатат. Бул кылганын көпчүлүк мактап жатышат, арасында мурдагы жолдошу,  3 кызынын атасы Урмат Бекболиев да бар экенин Анжелика өзү маалымдады. Ал  инстаграм баракчасынын сторис бөлүмүнө мурдагы жолдошунун жиберген жеке катын жарыялады.
 
Анда  "Сенин колуңдан келет. Сөз жок азаматсың! Сени азыр миңдеген эмес миллиондогон адамдар колдоп, сага ыраазы болуп, сенин демилгеңди колдошот. Өзүң ооруп кыйналып жатсаңдагы элим деп, Кыргызстаным деп жүрөгүң ооруп жатат ооругандарды көрүп алып. Эң туура кайрылуу жасап жатасың" деген билдирүүнү көрүүгө болот. Анжелика аталган катка "Рахмат Бекболиев!" деген жооп узаткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter